Головна сторінка

Меню:
Ак кеме


АК КЕМЕ

Терең философиялык идеяны камтыган мазмун жана ошол мазмунду жеткире билген мыкты режиссёрдук иш. Ушундай жөнөкөй формуланын негизинде тартылган тасманы бир гана сөз менен аныктаса болот - шедевр.

Башкача айтканда, “Ак кеме” - улуу адамдардын колунан жаралган улуу тасма.

Режиссёру - Болот Шамшиев
Сценарийин жазгандар - Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев
Ролдордо: Бала - Н.Сыдыгалиев, Момун - А.Куттубаев,
Керез - С.Күмүшалиева, Орозкул - О.Кутманалиев,
Кулубек - И.Думанаев, Гүлжамал - А.Темирова,
Бекей - Н.Мамбетова, Сейдакмат - М.Рыскулбеков

Кыскача мазмуну

Бул чыгарманын мазмунун билбеген кыргыз жокко эсе болсо керек.

Ошентсе да дагы бир жолу эскерте кетүү ашыкчалык кылбас.
Мурда бир жолу бала апай бетте чан уюлгутуп келаткан машиненин тосмо көлчүгүндө киринип жатып көргөн. Анда жайдын ыссык кези. Тосмону агын суунун тайыз жээгине таятасы тосуп берген. Ким билет,ушул тосмо болбосо бала бу күндө тирүү ойноп журөт беле,жок беле. Таенеси айткандай ,кашка суу алда канча баланын этин мүлжүп,сөөгү Ыссык-Көлгө буркуп салмак.Сөөктөүн былык-балырлар жыттагылап,дыр кое уркүп турмак. Издеп алар күйөөрү жок,сууга тушпо деп канча какшаса да болбогон тил азар баланы ким жоктомок,ким кейимек. Багы бар экен,азырынча сууга кете элек. Ал жерде кокус болсо таенеси жанын таштап,сууга бой ураарын кудай билет. Өз болсо да бир жөн,өгөйсүн деп жүрбөйбү таенеси.Кара жаныны курч уруп канча куйбөгүн,өгөйдөн убай буюрбайт.Өгөйсүнбү.....деген ошондон. А эгер бала өгөй болбойм деп чыркырасачы.Эмне үчүн бала гана өгөй болушу керек.А балким,бала эмес,таене өзу өгөйдүр.


Окуя бийик тоолор арасында токой ичинде жашаган үч кичинекей үйбүлө­нүн тегерегинде болсо да, андагы сүрөт­төлгөн эпизоддор дүйнөлүк масштабдагы маселени чагылдырат.
Өмүрүндө бир катуу сөз сүйлөп көрбөгөн Момун чал тажаал кемпири Керез менен түтүн булатып келет. Алардын жанындагы үйдө кызы Бекей күйөөсү Орозкул менен жашайт. Орозкул дүйнөдөгү эң жаман касиеттерди өзүнө жыйнап алгандай сезилет.
Ана,андан аркысын көрүп ал!..Кемпир от басып алгандай чыңырды. Атырылган эки тажаалды арачалай албай ортодо Гүлжамал жүрөт чырылдап. Кучактап, жалынып-жалбарып кемпирди тартат үйүнө. Кемпир ага болмокпу, чачын жулуп,жер кайсалап, оозунан ак көбүк чачырайт. Эсине келе калган Бекей самоорду айлапта көтөрүп үйүнө көтөрө качты. Кемпир жели чыгып кеткенсип, дөңгөчкө шалдайып отуруп калды. Көзүнүн жашы бетинин бырыштары менен тарап, тагдырына наалый баштадыы.Эми бала быякта калды,кемпирдин каргышы, наалаты бу дүйнөдөн ашып, кудайдын өзүнө тийип жатты. ,,Мени кимсин дейт ээ, кудай? Ушу мага сынтаган көзөл өлүк сенсиңби, ыя?- деп өгөй кызынын артынан төөчө жинин бир бүркүп салды.-Кудай минтип кууратпаганда мен ким элем! Балканактай беш баламды бирнен сала бирин жерге бербесем, жеткенде кырчындай болгон жалгыз уулум согушта окко учпаса, байкуш байым Тайгара кой артынан жүрүп, бороонго буюкпаса, ошолордон баары азыр маңдайымда турса мен силердей токойдун жаман дөдөйлөрүнө кор болот белем? Мен сага окшоп согончогу канабаган куу жатын белем, ыя? Кудай минтип шорлотпогондо карыганда жанагы кеңкелес атаңы багып отурмакмынбы? Кайсы күнөөмө минтип кууратып койдуң, оңбогон көзү жок кудай!" Бала көзүнө дүрбүнү алып, башы жерге салаңдады. ,, Эми үйгө кантип барабыз?-деди капаланып китеп кабына.- Ушунун баары мен менен тиги акмак торпоктун айынан. Анан дагы сенде да бар, дүрбү. качан болсо Ак кемени кара деп азгырып турасың. сен да күнөлүүсүң".

Мыкаачылык менен бугу атып, мүйүзүн кесип алган Орозкулга табият таарынып, аны балалуу болуу бактысынан ажыратып койгон. Орозкул болсо жинин байкуш жубайы Бекейден чыгарат. Кудайдын куттуу күнү күйөөсүнөн таяк жеген Бекей оор турмушка баш ийгендей. Ага ким болушат? Керез энеси кызына болушмак турсун кайра анын өзүн күнөө­лөйт. Орозкулга жагынып жаш келин Гүлжамалды ага токолдукка алып бергиси бар.
Машине дүкөндү өзү ээрчитип келгенсип,бала корстон болуп калды.Элге жакшы кабар алып келгенине,эл менен кошо там аркага жүгүргөнүнө,эл менен тен машине-дүкөндүн ачык оозунда топурашып турганына кубанды.,көтөрүлдү.Эл дегени алиги үч аял,дүкөндөгү малдын көзү өтүп,баланы катардан чыгарып коюшту.Таенеси жүрөт жутуна кол сунуп,бу кордондун баштыгы,абжашик Орозкулдун зайыбы Бекей таежеси турат көзү менен малды териштирип,токой жумушчу атыккан Сейдекматанын келинчеги Гүлжамал жүрөт маалына жете элек кызын көтөрүп,тиги жылтырагандын ар бирине көзү түшүп. Болгону үч катын,бирок ызы-чуу түшуп,апталапты башына көтөрүп жиберишкенде дүкөнчү тартип сактагыла деп аран бас-бас кылды.

Татынакай Гүлжамалды болсо тагдыр бул жакка адаштырып алып келгенби, айтор анын шайыр мүнөзү токойдогу оор жашоого коошпойт. Күйөөсү Сейдакматты болсо чөп үстүндө чалкалай жатып ырдагандан башка эч нерсе кызыктырбайт.
Ушундай татаал мамилелерден курулган оор турмушка кичинекей наристе да аралашууга мажбур. Ал бала караңгы түндөгү кичинекей күн нурундай. Өзүнүн куруп алган таза, жарык дүйнөсү бар. Ал дүйнөсүн жалгыз жакын досу, таятасы Момун менен гана бөлүшөт.
Бугүн чөп чабыкта Сейдакмат жалгыз болчу. Таятасы өзү менен Орозкулдун үлүшүн чаап, ташып барып, бастырманын үстүнө эки үймөк кылып чекчейтип жыйып койгон. Жыл сайын ушул. Орозкул чон эмеспи, жумушунун баарын Момун чал бүтүрөт. Эгер мас болуп келгенде бир жумушу бүтпөй калганын көрсө ,,кууп ийем иштен" -деп бакырып турганы турган. Кууп ийчүлөрү ушу сейдакмат менен Момун чал. Абышканы куба албасы бышык, кууса ким иштейт. Токой дегенинин да иши көп, айрыкча күзундө баш көтөртпөйт. ,,Токой мал эмес жайылып кеткидей, бирок түйщүгү малдыкынан кем эмес. кокус өрт чыгабы, же тоодон кыян жүрүп кетеби, карагай жолдон чыга качмак беле. Көзүң жаздым болсо көп жерине доо кетет. Токойчу ошонусу менен токойчу да ",-дейт таятасы...

Албетте, жаш жүрөктү кубанта турган жөнөкөй нерселер бар. Мисалы, 1-сентябрга алынган жаңы портфель. Аны көтөрүп алып сүйүнчүлөп чуркаганы эсиңиздеби?
Жашоодо баланын ыйык туткан эки нерсеси бар: улуу Бугу эне жана Ак кеме. Биринчи жомокту таятасынан уккан. Адам баласын өлүмдөн сактап калган Бугу эненин бала үчүн мааниси чоң. Ошол себептен ал Орозкулду бүт жү­рөгү менен жек көрөт. Мыкаачынын бугунун мү­йүзүнө балта чаап жатканы баланын көзү­нө бешикти кыйратып жаткандай көрүнөт. Ал эми Ак кеме жөнүн­дөгү экинчи жомокту өзү ойлоп чыгарган. Атасы кеменин капитаны. Ал жакында уулун алыс жакка алып кетүү үчүн сүзүп келет...

Бүгүнкү күндүн санжырасы

Режиссёр Болот Шамшиев Чыңгыз Айтматовдон токойдо таятасы менен жашаган бала тууралуу аңгемени укканда абдан таасирленип калган. Кийин “Ак кеме” повестин журналдан окуп, анын негизинде кино тартуу идеясы оюнан кетпей койгон. Сүйүктүү каармандарын тасмада көрүү - ар бир окурмандын кыялы эмеспи. Ал кыялды ишке ашыруу режиссёрлордун колунда.
Тасма 1976-жылы тартылып бүткөн. 1976-жылы IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине, СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

ххх

  • Тасмада бир дагы ашыкча деталь жок. Ар бир нерсенин чоң мааниси бар, ар бир нерседе кандайдыр бир сыр катылган. Мисалы, баланын колунан түшпөгөн дүрбүсү. Ал жөн гана дүрбү эмес, алыстагы адамдарды, буюмдарды, дүйнөнү жакындатуучу нерсе. Баланын “достору” таштар да өзгөчө. Алардын ар биринин аты бар: танк, жаткан төө, карышкыр, ээр. Бала алар менен сүйлөшүп, сырдашып турат. Антпесе алар таарынып калышы мүм­күн.
  • Чыгармадагыдай эле тасмада да балага ат берилген эмес. Анткени, ал конкреттүү кишинин эмес, жалпыланган символикалык образ. Антсе да тасмада актёрго өз аты менен Нургазы деп кайрылган жерлери бар.

Кызыктуусу...

  • Жазуучу үчүн да, режиссёр үчүн да баланын ролу эң маанилүү эле. Аны аткаруу үчүн өзгөчө актёр керек болчу. Актриса Сабира Кү­мү­шалиева эскерет: “Баланын ролуна тандоо жарыяланганда миңдеген балдарды жетелеп келишкен. Алардын арасынан бизге он чактысы жакса да режиссер бирөөнү да жаратпай койгон. Бир күнү режиссёр мага көздөрү бакырайган балакайды көрсөтүп, “жарайбы?” деп сурады. Ал өтө
    эле тентек, шок болгондуктан, аркасынан жете албай калабыз деп корктук. Болот “кана, бизге сууда сүзүп бараткан баланы көрсөт­чү” десе, тиги ойлонбой туруп жерге жата калды да чын эле сууда сүзүп бараткандай кыймылдап көрсөтүп берди. Ошол күнү дароо тандоо токтотулду”.
  • Сабира Күмүшалиева апабыздын эсинде дагы бир кызык окуя калган экен. Бир сюжетти тартууда режиссёр анын ыйлоосун талап кылган. Көзүнөн эч жаш чыгара албай кыйналган актрисаны режиссёр урушуп коёт. Ошондо катуу сөзгө ызаланган Сабира апабыз кетем деп терс басып баратып, ызасына чыдабай ыйлап баштаган экен. Анан бир кезде тык токтоп, артка кайрылып “ыйлап жатам, мени тезирээк тарткыла” деп режиссерду шаштырыптыр.
  • Тасмадагы санжыраны чагылдырган эпизоддогу Бугу эненин мүйүзүндөгү бешиктеги ымыркай актриса Айтурган Темированын баласы экенин айта кетели. Актриса өзү кичине баласынын киного тартылуусун каалаган эмес. Анда Болот Шамшиев куулук кылып Айтурган Темированы дүкөнгө жиберип ийет да, апасы жокто наристени тасмага тартууга уурдап кеткен экен.

Даярдаган Бегайым Мусакеева


Кыстарылган видео:

Рейтинг: 2
Комментарийлер(2)
kub_u3_kgstana
22.11.2015. 16:09
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
13-11-2013
Соӊку аракети:
21-12-2016 16:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге кыргыздын эски ушул сыяктуу Ак кеме, кок мелюиген тоолордо, ж.б кыргыз тилиндеги кинолорду жуктобойсунор?
admin_superstan
23.11.2015. 11:31
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4024
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
23-12-2016 12:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
kub_u3_kgstana, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
    Для підготовки матеріалу були використані наступні веб-сторінки:
  • 1. www.super.kg/mobile/article/?article=650
  • 9.1%
  • 2. erkindik.ru/forum/topic/1097-ак-кеме/
  • 0.6%
    Графічні матеріали
  • картинка 1: www.super.kg/upload/images/252/07-i-02.gif
  • картинка 2: www.super.kg/upload/images/252/07-i-04.gif
© 2018